Биз менен байланышыңыз

Семетей Султановдун АФКнын вице-президенттигине талапкер болбой калуусунун себеби айтылды

Кыска кабар , Спорт | 8 Апр 2019 | 808 | 0

Семетей Султановдун Азия футбол конфедерациясынын (АФК) вице-президенти кызматына талапкерлигин чакыртып алуунун себеби коомчулукка айтылды.

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын (КРФФ) мурунку президенти Семетей Султановдун аталган эл аралык уюмдагы жогорку кызматка талапкерлиги Кыргызстандын футбол федерациясынын эмес, анын жеке өзүнүн сунушу менен коюлган.

Бул тууралуу КФФнын Аткаруу комитетинин мүчөсү Айгерим Сабралиева фейсбуктагы талкууда билдирди.

«Ал аткаруу комитетинин уруксаты жок туруп, документтерин Азия футбол конфедерациясына жөнөткөн. Кыргыз футболунун кызыкчылыгы үчүн уюмдагы башка кызмат орунга башка талапкер көрсөтүлгөн», — деп жазган.

КРФФ мурдагы президенти Семетей Султанов «Фейсбуктагы» баракчасына АФКнын вице-президенттигине талапкерлигин федерациясы чакырып алганын айтып, мындай чечим ал үчүн күтүүсүз болгонун жазган.

Футбол федерациясы бул боюнча азырынча расмий билдирүү айта элек.

Copyright © 2017 Maral FM