Биз менен байланышыңыз

Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов кызматын тапшырды

Кыска кабар , Спорт | 10 Янв 2019 | 669 | 0

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов кызматын тапшырды. Мындай маалыматты аталган федерациядан маалымдашты.

Султанов бул боюнча өзү кайрылуу жасап, мындай чечимди кабыл алууга эч кандай кысым болбогонун, өзүнүн буга чейин пландалган иши экенин айтты. Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия Кубогуна өтсө, кызматын тапшырууну буга чейин эле көздөп келген.

Кошумчалай кетсек, Семетей Султанов бул кызматка 2012-жылы шайланган. Ошондой эле ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы экендиги айтылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM