Биз менен байланышыңыз

«Брексит» парламенттен өтпөй калды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 543 | 0

Британиянын парламенти Евробиримдиктен чыгуу боюнча британ өкмөтү менен биримдиктин ортосундагы келишимди четке какты. Жыйындар палатасынын 432 депутаты «Брекситке» каршы добуш берсе, 202 депутат колдоду. Ортодо 230 добуш айырма бар, бул өкмөттүн Британиянын тарыхындагы биринчи жолку оор жоготуусу болуп калды.

Оппозициялык Лейбористтик партиянын лидери Жереми Корбин өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү расмий сунуштарын билдирди.

Ошентип «Брексит» ишке ашпай калды. Эми мындан ары окуя бир нече вариантта өнүгүүсү мүмкүн.

Эң башта бул премьер-министр Тереза Мэйдин командасынын отставкасын шартташы ыктымал. Натыйжада кезексиз шайлоо жарыяланат. Мэй өзү, эгер парламент импичмент жарыяласа министрлер кабинетин жыйнап, муну кароого даяр экенин билдирди. Мындай кырдаалда Мэйдин консерваторлор партиясы эки аптанын ичинде жаңы өкмөттү дайындоосу шарт, болбосо бул акы лейбористтерге өтөт.

Экинчиден, 29-мартка пландалган «Брексит» артка кайтарылып, өлкө Евробиримдиктен чыгууну кайрадан референдумда добушка салары бышык.

Эске салсак, 2016-жылы ичинде Англия, Уэльс, Шотландия жана Түндүк Ирландия кирген Улуу Британия королдугу Евробиримдиктен чыгуу боюнча референдум өткөрүп, ал 51% менен кабыл алынган. Бирок биримдик бул үчүн Британияга бир катар оор шарттарды: эки Ирландиянын ортосун ачык таштоону, 39 млрд евро айыппул төлөөнү ж.б койгон. Бирок бул королдуктун калкын канааттандырбай, «Брекситти» колдогондор да эми каршылык билдирүүгө өтүштү.

Copyright © 2017 Maral FM