Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Сот эксперттери далилдебей туруп корутунду жазып коюшат

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Янв 2019 | 475 | 0

Укук коргоочу Рита Карасартова “Марал” радиосуна берген маегинде сот эксперттери фактыны далилдебей туруп корутунду жазып коёрун билдирди.

«Экспертизанын медицинанын бийлигине баш ийбегени туура болгон. Анткени минитср «ушундай корутунду чыгарасын» деп мажбурлаган эмес. Эксперттер корутундуга керт башы менен жооп беришкен. Бул туура саясат болгон. Азыр эми сотко келген корутундуларды көрүп жатабыз. Эксперт далилдебей туруп корутундуга “мында экстремисттик чакырык бар” деп жазып, жаш баланы экстремист кылып коёт», — дейт Карасартова.

Ал укук коргоо органдары менен саламаттыкты сактоо тармагындагы экспертизаны бирдиктүү орган катары түзүү менен Кыргызстан Грузиянын катачылыгын кайра кайталай турганын эскертти.

«Бүгүнкү саясат туура эмес. Баары бир органга баш ийсе анын кесепети жаман болот. Жарандарда тандоо болушу керек. Ал эми бүгүнкү күндүн саясаты көз карандысыз экспертизаны жок кылганы жатат. Биздикилер экспертиза сотто дагы маанилүү экенин билип калып, эми экспертизанын баарын бир колго алып каалагандай калчаганы жатышат», — дейт укук коргоочу.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM