Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Паспорт берүүнүн жол-жобосун өзгөртүш керек

Күн чекит | 15 Ноя 2019 | 932 | 0

Түркиянын Стамбул шаарында өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү деп кармалган адамдар Кыргызстандын жарандары эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Шектүүлөрдүн Кыргызстандын улуттук паспортторун алган эместиги тууралуу маалымат тарады.

Ички иштер министрлиги издөөдө жүргөн Кытайдын жараны Айеркен Саймаити 1982-жылы туулган Кыргызстандын жараны Самятов Эркин Салимовичтин наамына мыйзамсыз берилген ID-карт жана чет элдик паспортторду колдонуп жүргөнүн билдирген.  Тышкы иштер министрлиги Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу кызматын аркалаган Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөнүн кабарлады. Ага Тышкы иштер министрлигинин, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү кирди. Биз бул теманын алкагында укук коргоочу жана жарандык активист Рита Карасартова менен түз эфирден маек курдук.

Марал: Түркиянын Стамбул шаарында өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү деп кармалган адамдар Кыргызстандын жарандары эместиги тууралуу маалымат тарады. Негизи, буга чейин бул адамдарды Түркиянын маалымат каражаттары кыргызстандын жарандары деп маалымат берди эле. Мындай маалыматты кимдер таратууга кызыктар болушу мүмкүн?

 Биринчиден, маалымат эмнеден улам тарайт? Табылган документтерден тарайт да. Түркия шектүүлөрдү кармаганда алардын паспортторундагы Кыргызстандын жарандары экен деген маалыматка таянышкан. Кылмышкерлер ар кайсы мамлекеттин паспортторун сатып алып, башка жактын жарандыгын алып жүрүшү толук түрдө мүмкүн да. Ошон үчүн ар дайым биринчи кеткен маалымат элдин кулагына сиңип, коомчулукту ишендирип коёт. Анткени алгач шектүүлөр кармалганда эле, алардын жанында жүргөн документке көңүл бурулат. Кайрадан маалыматтардын башкача варианттары чыгып жатканы кадимкидей эле көрүнүш, бирок, бул жагдайлар иликтөөнүн ичинде дыкат иликтенип, себептери так аныкталышы керек. Анткени бул нерсени бир же эки гана адам күтпөйт, буга бүтүндөй коомчулук кызыктар. 

Марал: Кечээ Ички иштер министрлиги Айеркен Саймаити Кыргызстандын паспортун колдонуп жүргөнү, аны болгондо да Жалал-Абаддан алганы боюнча маалымат таратты. Негизи эле, өлкөдө паспорт берүүчүлөрдүн жоопкерчилиги кандай каралган? Кылмышкерлерге буга чейин да мыйзамсыз паспорт берилип кеткен учурлар көп катталган. Маалыматтар чыккан. Деги эле мындай иш-аракетти кантип жоюуга болот?

-Биз Кыргызстандагы иликтөөлөргө кайрылсак, өлкөдөн 700 млн долларды чыгарып жатканы чын болсо, анда чет элдик жарандар өнүкпөгөн мамлекеттерден каалаган паспортун ала алышы мүмкүн. Өнүккөн  өлкөлөрдө гана мындай кадамдарга жол берилбесе керек. Жадакалса, бизде жөнөкөй киши паспорт алса да, мөөнөтүнөн үч жыл өтүп кетсе да, паспорт жасалса да муну кылмыш деп жоопкерчиликке тартпайт да. Мөөнөтү кыскартылса деле реабилитация болгон жок деп жоопкерчиликке тартылбай калган нерсе жоюлса абдан жакшы болмок. Тилекке каршы, бул нерсени кыскартуу менен гана чектеп, булар кылмыш жасабагандай эле түр көрсөтүшүп жүрө беришет. Тескерисинче, буларды мыйзам жана система өзү коргойт. Ошондуктан, коркуу сезими жок, эч нерсе болбогондой ушул сыяктуу кадамдарды жасап жатканынын себеби да ушул. Менин оюмча, мамлекеттик тармакта иштеп, атайын ушундай кылмыштарга баргандардан мөөнөт деген нерсени алып салышы керек. Биз буларды эркинен ажыратып салууну деле каалабайбыз, болгону айыпка жыгып, бардыгы мыйзам чегинде болуп, бардыгы кадимкидей кагаз түрүндө жазылышы керек. 

Марал: Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу кызматын аркалаган Эркин Сопоковдун буга чейин көп жолу дипломатиялык эрежелерди сактабагандыгы, бир катар мыйзам бузуулары эми гана айтылып жатат. Бул эреже бузуулар ызы-чуудан кийин гана элге белгилүү болуп жатат. Муну өкмөттүн, бийликтин чабалдыгы деп сыпаттасак болобу?

-Бизде кадр саясаты башаламан. Мен муну так-кесе айта алам. Кадр саясатында таптакыр ойго да, мыйзамга да туура келбеген саясат жүрүп калды. Бул жерде мамлекеттик кызматка олуттуу адамдарды шайлоодо атайын сынак жүрүшү керек, эл ал адамдын буга чейин басып өткөн жолунан кабардар болушу керек. Жасалып, каралып жаткан иштери айдан-ачык көрүнүп, биз маалымат алып турушубуз зарыл. Тилекке каршы, мындай кадамдар азыр жокко эсе болуп калды. Келген адамдын өлкөнү жакшыртуу, алдыга сүрөө боюнча эч кандай программасы жок. Асмандан түшкөнсүп, бир күнү пайда боло калат. Мындай кадамдан биз кантип жакшы жыйынтык күтөбүз? Тилекке каршы, бийликтеги бирөөнүн жактоочусу келет да, ал адам кызматынын соңуна чейин ошону коргоп жүрө берет. Ошентип отуруп, ушундай башаламан жагдайлардын жаралышынын себеби да ушул. Качан бир окуя болуп, анда адам өмүрү кыйылганда гана ойлонуп, анын буга чейинки сюрприздери калкып чыга баштайт. Буларды бир гана кызматтан алып коюу менен чектелбешибиз керек!

Copyright © 2017 Maral FM