Биз менен байланышыңыз

Карасартова: «Митинг тынч өтөт»

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 1184 | 1

Бүгүн, 25-ноябрда Ак үйдүн алдында коррупцияга каршы тынчтык митинги өтөт. Бул тууралуу жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында, митингге болжол менен 500дөй жаран катышат. Митингдин эч кандай ызы-чуусуз, тынч өтөрү айтылууда.

Карасартованын пикиринде, бийликтин элдин үнүн укпай коюуга аргасы жок. Антпесе кырдаал курчуп кетет. Ошондой эле ал тынчтык митингине чыгууга эч ким, эч качан тоскоолдук кыла албай турганын, анткени бул кадамга Конституция жол берерин айтты:

Ар бир жаран тынчтык митингине чыгып, ою менен бөлүшүүгө милдеттүү. Митингдин башкы максаты коомчулукта чуу жаратып жаткан бажыдагы коррупцияны жоюу, бийликтин реакциясы  жана бул көрүнүштөргө чара көрүү.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык фактылар, ага Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов жана анын туугандарынын тийиштигин ачыктаган журналисттик иликтөө жарыяланды. Коомчулук андагы фактылардын негизинде бийликтен Раим Матраимовго карата чара көрүүсүн талап кылышууда.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    25.11.2019 09:05

    Бул жолкусунда Карасартованы колдоймун, бийлик таможнядагыкорупцияга каршы оз пикирин айтып, чара корбосо элдин ишениминен кетет. Таможнядагы корупцияны иликтеп маалымат таракан азаттыктын журналисти же Раим жазасын алыш керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM