Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Соттор корутундунун негизинде чечим чыгарып көнгөн

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Янв 2019 | 525 | 0

Укук коргоочу Рита Карасартова “Марал” радиосуна берген маегинде соттор эксперттердин чечими абсурд болуп турса да экспертизанын корутундусунун негизинде чечим чыгарып көнүп алышканын билдирди.

Анын айтымында, сот-укуктук реформа да экспертизага таянат. Анткени соттор, укук жана тартип коргоо ооргандарынын баары экспертизанын корутундусуна таянышат.

«Мыйзамдарга ылайык, сот экспертизанын корутундусунун негизинде чечим чыгаруу милдеттүү эмес. Бирок биз 27 жылда көз карандысыз сотторду калыптандыра алган жокпуз. Мисалы, Ош шаарында “бул кан баланчанын каны” деп чыгарылган корутунду болгон. Бирок медицинада кандын тобун, курамындагы заттарды гана жазып беришет. Ал эми бизде эксперттер кан кимге таандык экенин аты-жөнүнөн бери жазып берип коюшкан. Соттор экспертиза жасалма экенин көрүп турса да корутундуга карап айыптууну өмүр бою эркинен ажыратып коюшту», — дейт Карасартова.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы соттук-экспертизалык медициналык борборду өкмөттүн карамагына өткөрүү чоң коркунуч экенин айтып, бул атайын жасалып жаткан кадамдай сезилип жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM