Биз менен байланышыңыз

Саудиядан качкан кыздар Канададан баш паанек табышты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 672 | 0

Сауд Аравиясынан качып, Германияга барган Рахаф Кунун сиңдиси экөө Канададан качкын макамы менен баш паанек табышты.

Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

24 жаштагы Рахаф Кунун Ислам дининен чыгып кеткен. Анын айтымында Саудияда үй-бүлөөсү аны намаз окууга, Рамазан айында орозо тутууга жана башка ибадаттарды кылууга мажбурлашат. Бул анын ээн-эркин басып-турушуна тоскоол болчу.

«Аравияда мени «Эркектер биринчи орунда турат, кыздар сыртка чыгуу үчүн үй-бүлө башчысынан уруксат алышы керек» деген сөздөр тажатып жиберди. Мен өзүмө жаккандай жашагым келет»,-дейт Кунун.

Алар чет элдик паспорт, виза, билет жана акча иштерин  ата-энесинен жашыруун даярдап, уурданып түн ичинде качып кетишкен.  Кайра кайтуу аларга өлүм алып келиши мүмкүн экенин айткан кыздар Канадада жакшы экенин, каалагандай сыртка чыгып, жашап жатышканын билдиришкен. Ата-энеси аларды издеп жатканын, бирок кабарлашпаганын кошумчалаган кыздар, ушундай болсо барына жакшы экенин айтышууда.

Copyright © 2017 Maral FM