Биз менен байланышыңыз

Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча соттук отурум башталат

Без рубрики , Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 588 | 0

17-январда журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча «Акун» пансионатынын кызматкерлеринин үстүнөн соттук иштин отуруму башталат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык 3-декабрга белгиленген соттук отурум тараптардын келбегендигине байланыштуу 17-январга жылдырылган.

Эске салсак, журналист 2018-жылдын 22-июлунда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алуу учурунда каза болгон.

Милициянын тыянагына ылайык пансионатта тиешелүү коопсуздук шарттары түзулбөгөнү үчүн ал чөгүп кеткен.

Буга байланыштуу, «Акун» пансионатынын жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн 258-«Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товар же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM