Биз менен байланышыңыз

Чынгыз Айдарбеков Норвегияга барат

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 569 | 0

15-16-январда Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков жумушчу иш сапары менен Норвегия Королдугуна барат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө министр Айдарбеков Норвегиянын Тышкы иштер министри И.Э.Сёрдейде баш болгон бир катар жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү пландалууда.

Мындан сырткары министр Норвегияда жашап, иштеген кыргызстандыктар менен да жолугары маалым болду.

Эске салсак, Чынгыз Айдарбеков Норвегияга иш сапар уюштурган биринчи Тышкы иштер министри болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM