Биз менен байланышыңыз

Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 1988 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта, Баткен облусуна болгон иш сапары алкагында аймактагы инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлору менен таанышты.

Ал логистикалык борборду, сүттү, өрүктү кайра иштетүү ишканаларды, айнек, темирбетон заводдорунун жана мал союучу жайдын курулуш долбоорлору менен таанышты.

Баткен шаарында логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоордун жалпы баасы 46,5 млн сомду түзөт. Анын курулушуна Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан жарым-жартылай каражат тартуу болжолдонууда.

Долбоорду 2021-жылы бүткөрүү пландаштырылган. Аталган логистикалык борборго 1000 тоннага чейинки көлөмдөгү ар кандай продукцияларды сактоого болот.

Өрүктү кайра иштетүү боюнча ишкананын курулушун бүткөрүү үстүбүздөгү жылга, ал эми сүттү кайра иштетүүчү ишкана, айнек заводу жана мал союучу жайдын курулуштарын бүткөрүү 2021-жылга, темирбетон заводунун курулушун бүткөрүү 2022-жылга белгиленген.

Дүйнөлүк банк «Борбордук Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуу программасы» долбоорунун алкагында 3 млн долларга 46 даана жол тейлөө техникасын берген.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Баткенге барды.

Copyright © 2017 Maral FM