Биз менен байланышыңыз

SpaceX кызматкерлерин кыскартууда

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2019 | 513 | 0
 Космикалык техникаларды чыгаруучу ири америкалык компания SpaceX өзүнүн кызматкерлеринин курамын 10%га кыскартууда. Бул тууралуу Los Angeles Times басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, компаниянын учурдагы кызматкерлеринин саны алты миң болсо, алардын алты жүзү кызматынан ажырайт.
«Кардарларыбызга жеткиликтүү кызмат көрсөтүү, планеталар аралык учуучу кемелерди убагында чыгаруу жана космосто түзүлгөн глобалдык интернет аппараттарын чыгаруу мүмкүнчүлүгүбүздү бекемдөө максатында бир катар таланттуу жана иштерман кызматкерлерибизден айрылууга аргасызбыз»,-делет компаниянын билдирүүсундө.
Басылманын билдиришинче, компания иштен кеткен кызматкерлерине сегиз айлык маяна жана бир катар артыкчылыктарды убадалоодо. Мындан сырткары аларга карьерасындагы мындан аркы өнүгүүсүнө жана ыңгайлуу жумуш табуусуна байланыштуу кеңештерин берип турарын кошумчалаган.
Эске салсак, SpaceX НАСА менен иштешкен кубаттуу компания. Ал бир нече космостук инновациялык долбоорлорду ишке ашырып келет. Эң соңку долбоору Айга жүргүнчү ташуучу кемени ишке киргизүүдө. Бул үчүн алгачкы жүргүнчүлөрүн да тапканын кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM