Биз менен байланышыңыз

Түркия менен Казакстан космос кызматташтыгы боюнча келишимге кол коюшту

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 470 | 0

Түркия космос агенттиги (ТУА) менен Казакстандын Улуттук космостук агенттиги (Казкосмос) «Космостогу эки тараптуу кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү» меморандумуна кол коюшту.

Буга чейин ТУАнын президенти Сердар Йылдырым менен Казакстандын Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмос боюнча министри Багдат Мусиндин жолугушуусунда эки өлкөнүн космос тармагын өнүктүрүү жана бул жааттагы кызматташуу маселелери талкууланган.

«Бул келишим эки өлкөнүн аэрокосмостук агенттиктери менен компанияларынын ортосундагы практикалык кызматташууга мүмкүндүк берет», — деди Сердар Йылдырым кол коюу аземинде.

Йылдырым жана ТУАнын делегациясы Кызылорда облусундагы Байконур космодромуна барышып, Союз МС-17 космос кемесинин учушун байкады.

Расмий сүйлөшүүлөрдөн кийин журналисттерге маалымат берген Йылдырым Түркия менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыктын олуттуу потенциалын көргөндөрүн айтты.

Ал белгилегендей, эки тараптуу келишимдер кызматташтыктын багыттарын жакшыраак баалоого мүмкүнчүлүк берет.

«Түркияда спутник өндүрүшүнүн инфраструктурасы бар. Бул жерде (Казакстан) белгилүү деңгээлде көндүмдөр жана мүмкүнчүлүктөр бар. Эгерде биз аларды бириктирсек, анда дүйнө менен жакшы атаандаштыкка жетише алабыз», — деди Сердар Йылдырым.

Келишимге ылайык, кийинки айда эки тараптын адистеринин катышуусунда техникалык комитет түзүлүп, биргелешкен долбоорлорго баа берилет.

TУA президенти ошондой эле түрк компаниясы Казакстандын спутниктик байланыш тутумдарына сынактык табыштама бергенин жана тендер ушул айда бүтүп калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

«Эгер түрк компаниясы тендерди утуп алса, анда биз Казакстандын спутнигин чыгарууга мүмкүнчүлүк алабыз», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM