Биз менен байланышыңыз

Израиль алгачкы ирет Айга спутник учурду

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 774 | 0

22-февралга караган түнү Израиль өлкөсү өзүнүн алгачкы спутниги Falcon 9ду Айга учурду. Бул тууралуу BBC жазды.

Израиль Айдын бетине конгон төртүнчү өлкө болуп, СССР, Америка жана Кытайдан кийинки орунга чыгат.

Спутник илимий изилдөө үчүн кондурулары кабарланууда. Ошону менен бирге анын символикалык миссиясы бар Израилдин желегин Айга орнотууну көздөйт.

Дагы бир жагдай, иш чараны мамлекет эмес, жеке ишканалар каржылап, уюштуруу иштерин Илон Масктын Space X компаниясы мойнуна алган.

Кошумчаласак, «Falcon 9» дароо эле үч жүктү космоско алып чыгат. Биринчиси Индонезиянын PSN-6 телекоммуникациялык спутниги, экинчиси АКШнын аскердик чалгын аппараты. Бул экөө Жердин геостационардык орбитасына чыгарылып ташталып, бир гана илим изилдөө бөлүгү Айга чейин жетет. Буга чейин мындай иш болгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM