Биз менен байланышыңыз

Мелис Калыковдун убактылуу кармоо жайындагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 12 Янв 2019 | 580 | 0

Баткен облустук прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелген Мелис Калыковдун убактылуу кармоо жайындагы мөөнөтү узартылып,  дагы 18-февралга чейин калмай болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди сот тергөө иштеринин узаганына байланыштуу кабыл алган.

Эске салсак, мурунку облустук прокурор Анарбай Мамажакыповдун 18-ноябрь күнү киши колдуу болгон денесин Баткен шаарынын четинен табышкан. Ага шектелип облусттун Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Шектүү күнөөнү мойнуна алып, анын сыртында прокуратуранын бир катар кызматкери да сурак берген. Иликтөө иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM