Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин орундалбаган сапары саясатка айланды

Саясат | 12 Янв 2019 | 690 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Индияга эс алууга барбай калды. Бул сапарды кийинкиге жылдырган. Серепчилер Атамбаевдин бул аракетинде саясий өңүт бар экенин айтышууда. Деген менен КСДП партиясынын катчылыгы андан саясат издебөөгө чакырды.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен Индияга эс алууга бара турганы кабарланган. Андан көп өтпөй эле 10-январда Атамбаевдин эс алуусу кийинкиге жылдырылганы белгилүү болду. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева фейсбук баракчасына жазган.

-Экс-президент, КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен 11-январда 10 күнгө Индияга эс алууга жол тартмак. Бирок сапар кийинкиге жылдырылды.  Мындан саясат издебөө керек.

Бирок экс-президенттин пландарынын өзгөрүшүнүн себептери айтылган жок.

Ошентсе да коомчулукта сапардын кийинкиге калтырылганы ар түрдүчө талданууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов  Атамбаевдин Индияга барбай калуусун мурунку премьер-министр Сапар Исаковго Тарых музейинин оңдоо-түзөө ишине байланыштуу айып тагылганы менен байланыштырды.

 -Менин оюмча, Атамбаев жакында Сапар Исаков, Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иштери соттко өттү дегенден улам барбай калды. Канткен күндө да алар экс-президенттин командасында эле.  Иштери сотко өткөндө кетип калбайын деп ойлосо керек. Эгерде Индияга кетип калса, анда таштап кетти деген сөздөр болбосун дегендир.

Деген менен, Алмазбек Атамбаевдин баскан-турганын саясатташтырбоо керектигин саясатчы Ишенбай Кадырбеков билдирди.

-Алмазбек Атамбаев мага окшогон эле пенде да. Турмушунда, үй-бүлөсүндө ар кандай нерселер болот. Индияга барбай калды деп баскан-турганын саясатташтыра берсек жакшы нерсени таба албайбыз. Бизде Атамбаевге окшогон 20дай саясатчы бар. Балким Атамбаев ооруп калган чыгар. Акыркы күндөрү ал кишиге көңүл көбүрөөк бурулуп жатканы мени таң калтырат.

Ал эми Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева эс алуу кийинкиге жылдырылганын 17-январда болот деген миттигге байланыштырды.

Анын баамында, Атамбаев митингдин жана президент Өмүрбек Текебаевге ырайым берибей койгондун арты менен өзүнө сасий упай топтоону көздөп жатат.

-17-январда митинг болот деп жатышат. Өткөндө болгон митингди Атамбаевдин адамдары уюштурду деген сөздөр айтылууда. Азыркы президенттин кээ бир кадамдары коомчулукту нааразы кылды. Анткени президенттик аппарат Роза Отунбаев баш болгон парламенттеги 6 фракциянын лидери кол койгон Текебаевге ырайым берүү боюнча кайрылууну канааттандырган жок. Бул эл арасында башкача кабыл алынып жатат. Текебаевге мунапыс бербей койгондугуна байланыштуу нааразы болгон элди Атамбаев өзүнө кошулабы деген ою пайда болсо керек.

Эске салсак, акыркы жолу Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын октябрь айында Орусияга иш сапары менен бир жумага барып келген. Ал Москвада саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM