Биз менен байланышыңыз

«Кыргызтесттен» өткөн абитуриенттерге артыкчылык берилет

Кыска кабар | 11 Янв 2019 | 605 | 0

2019-жылы Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууда кыргыз тили билими эске алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, быйылкы жылы жогорку окуу жайына бюджеттик орундарга кабыл алууда бирдей баллы бар абитуриенттердин кыргыз тили боюнча мамлекеттик тесттен өткөнү тууралуу сертификаты болгонуна артыкчылык берилет. Ал үчүн кыргыз тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрү В1 деңгээлинен өтүүсү, өзбек, орус, тажик тилдеринде окуткан мектептердин бүтүрүүчүлөрү болсо А2 даражасынан өтүүлөрү шарт.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылы «Кыргызтесттен»өтүү ыктыярдуу болуп, талап кылынбайт. Андан өтүүнү каалагандар 1-марттан тарта «Кыргызтесттин» сайтына кирип катталса болот.

Copyright © 2017 Maral FM