Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан селсаяктарга бекер паспорт берет

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2019 | 907 | 0

Өзбекстан өкмөтү туруктуу жашаган жери жок кишилерди коргоо чаралары тууралуу токтом кабыл алды.

Ага ылайык, мындан ары селсаяктар миграция бөлүмүнө кайрылышса, алардын мурдагы жашаган жери, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энеси жана жакындары жөнүндө малыматтар такталат.

Эгер кайрылган кишинин Өзбекстан же башка өлкөнүн жараны экени такталбаса, миграция бөлүмүндө ага өздүгүн аныктаган убактылуу маалымкат берилет.

Андан соң жергиликтүү бийлик селсаякты туруктуу каттоодон өткөрөт. Ал эми анын паспорту жок болсо, айып пул салынбастан, кайрадан документтерин бекер жасап беришет.

Эгерде реабилитациялык борборлордо жашап жаткан үй-жайсыз кишилер туруктуу жашаган жерине барышса, алардын жол киреси төлөп берилет.

Copyright © 2017 Maral FM