Биз менен байланышыңыз

Трамп Давос форумуна катышпайт

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2019 | 637 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп 22-январда Швейцариянын Давос шаарында өтүүчү салттуу эл аралык экономикалык форумга барбай турган болду. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттер баракчасынан билдирди.

Анын мындай чечимине өлкөдөгү саясий кризис себеп болгонун айтты. Тактап айтканда Трамп президенттикке киришкенден бери Мексика менен чек арасына курууга аракет кылган Бетон дубалга парламент каражат бөлбөй жатканына байланыштуу 2019-жылдын бюджети кабыл алынбай турат. Анын кесепетинен бир катар министрликтер 20 күндөн ашуун иштебей, жабык турат.

Буга конгрессте басымдуулук кылган демократтардын пайдасы жок дубал учүн бир цент да бөлбөсүн айтып, президенттин бул долбоордон баш тартуусун талап кылганы себеп болууда. Ал эми Трамп өз позициясында тиренип, эгер дубалга каражат бөлүнбөсө 2019-жылдын бюджетине кол койбосун эскертүүдө.

Эске салсак, Давос форуму бүткүл дүйнөлүк өкмөттүк эмес уюм болуп саналат. Ал 1971-жылдан бери өтүп келет. Форумга дүйнөдөгү мамлекеттердин лидерлери, белдүү компаниялар, ишкерлер, журналисттер жана ойчулдар болуп миңден ашуун мүчөсү катышат. Анда актуалдуу эл аралык маселелер талкууланып, каралат.

Copyright © 2017 Maral FM