Биз менен байланышыңыз

Түлөбаев: Бишкекте «бузуулар» боюнча комиссия түзүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Янв 2019 | 693 | 0

Бишкек шаарынын райондорунда «Бузуулар жөнүндө кодекс» боюнча комиссия түзүлөт. Анын курамына акимияттын, айыл өкмөттөрдүн, Санитардык-экологиялык инспекциянын мүчөлөрү жана укук коргоочулар кирет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, шаардык кеңеш бузуулар боюнча жоболорду кыска аралыкта бекитет.

«Бузуулар боюнча жоболорду шаардагы тиешелүү тармактар иштеп чыгат. Алсак, таштандылар боюнча жобону «Тазалык» ишканасы карайт. Азыр жоболор даяр болуп калды. Дүйшөмбү күнү шаардык кеңешке беребиз. Азыр кечигип жатканыбыздын себеби мыйзамдын кирүүсүндө айрым алешемдиктер пайда болуп калды. Бирок бир-эки айдын ичинде баарын толугу менен ишке киргизебиз«, — дейт Түлөбаев.

Эске салсак, 2019-жылдан тарта Соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирген. Алар «Кылмыш-жаза», «Жоруктар жөнүндө кодекс», «Бузуулар жөнүндө кодекс», «Жазык-процесстик кодекс» жана «Жаза аткаруу кодекси».

Copyright © 2017 Maral FM