Биз менен байланышыңыз

Айыппулду кымырып алган милициялар кармалды

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 4241 | 0

Ички иштер министрлигинин онунчу бөлүмү менен Бишкек шаардык Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кармалышты. Алар паспорт-виза эрежелерин бузган чет элдик жарандардан өндүрүлгөн 731 500 сом өлчөмүндөгү айыппулду оз эсептерине кымырып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр жеке менчик фирма менен сүйлөшүп алып, жасалма документтердин жардамында эсепти жаап жүрүшкөн.

Аталган кылмышка  Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинен сырткары 221-«Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы», 350-«Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штапм, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу» беренелери да  кылмыш иши козголду.

Copyright © 2017 Maral FM