Биз менен байланышыңыз

Пекин диндерди социалисттештирүү планын ишке киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 1017 | 0

Пекин «Исламды социализмге төп келтирүү, кытайлаштыруу жана мекенчилдикти ойготуу» боюнча беш жылдык планын ишке киргизди. Бул план бийликтеги Комунисттик партиянын жетекчилигинин өлкөдөгү сегиз ири шаарда жергиликтүү исламий уюмдардын лидерлери менен жыйын куруп, сүйлөшүү өткөрөн соң ишке аша баштады.

Бул тууралуу кытайлык The Global Times басылмасы жарыялады.

Ушундай эле мүнөздөгү план өткөн жылы христиан коомчулугуна карата ишке киргизген болчу. Анда «Кытай христиандыгын тышкы факторлордон жана Батыштын таасиринен куткаруу» көздөлгөн. Ага ылайык ондогон чиркөөлөр жабылып, коммунизм идеологиясына төп келбеген диний топтор жана уюмдар жабылып, мүчөлөрү камалган.

Ал эми басымдуу бөлүгү Шиңжан аймагында жашаган мусулман коомчулугуна карата «кайра тарбиялоо» лагерлерин уюштуруп, миллиондогон кишилерди анда «тарбиялап» жаткан чагы. Эл аралык уюмдар жана мусулман коомдору лагерлер зордук-зомбулук көрсөтүүчү түрмө сыяктуу иш алып барганын айтышууда.

Кытай бийлиги муну менен тургундарды радикал топтордун таасиринен арылтууну көздөп жатканын белгилөөдө.

Эми ушундай эле саясат өлкөдөгү буддисттерге карата жасалары күтүлүүдө.

Эске салсак, Кытайдын 1,3 миллиард калкынын пайызга жакыны буддисттер, 5 пайыздан ашууну христиан жана 2 пайызы мусулмандар экени маалымдалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM