Биз менен байланышыңыз

Азия кубогу: тайпалык оюндардын 1-туру аяктады

Кыска кабар , Спорт | 10 Янв 2019 | 1080 | 0

Бириккен Араб эмирлигинде өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун биринчи беттештери жыйынтыкталды. Анда  соңку беттештер 9-январь кунү болуп өттү. F тайпасындагы Япония менен Түркмөнстан беттешип, япондор атаандашын 3:2 эсебинде жеңди. Ал эми Өзбекстан Оманды 2:1ге утту. Е тайпасындагы Катар Ливанды 2:0 менен жеңип, 3 упайга ээ болду.

Жалпы жыйынтык боюнча айтсак, А тайпасында Индия Таиландды жеңсе, Бахрейн менен Бириккен Араб эмирлиги тең чыгышты.

B тайпасында Палестина менен Сирия тең ата чыкса, Азиянын учурдагы чемпиону аталган Австралия Иорданияга жеңилип калды.

С тайпасынан Кытай менен Түштүк Корея утушка ээ болуп 3 упайга ээ болду. Филиппин менен Кыргызстанда упайы жок.

D тайпасында кошуна өлкөлөр Иран менен Ирак жеңишке ээ болду. Вьетнам менен Йемен жеңилүү ызасын тартышты.

Е тайпасында Ливан менен Түндүк Корея утулуп, аларды жеңген Катар менен Сауд Аравия 3 упайга ээ болду.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан бул кубокко алгачкы ирээт катышып, С тайпасына түшкөн. Биринчи беттешин Кытай менен өткөрүп, 2:1 менен жеңилүү ызасын тарткан. Эми 11-январда Түштүк Корея менен беттешет.

Copyright © 2017 Maral FM