Бириккен Араб эмирлигинде өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун биринчи беттештери жыйынтыкталды. Анда соңку беттештер 9-январь кунү болуп өттү. F тайпасындагы Япония менен Түркмөнстан беттешип, япондор атаандашын 3:2 эсебинде жеңди. Ал эми Өзбекстан Оманды 2:1ге утту. Е тайпасындагы Катар Ливанды 2:0 менен жеңип, 3 упайга ээ болду.
Жалпы жыйынтык боюнча айтсак, А тайпасында Индия Таиландды жеңсе, Бахрейн менен Бириккен Араб эмирлиги тең чыгышты.
B тайпасында Палестина менен Сирия тең ата чыкса, Азиянын учурдагы чемпиону аталган Австралия Иорданияга жеңилип калды.
С тайпасынан Кытай менен Түштүк Корея утушка ээ болуп 3 упайга ээ болду. Филиппин менен Кыргызстанда упайы жок.
D тайпасында кошуна өлкөлөр Иран менен Ирак жеңишке ээ болду. Вьетнам менен Йемен жеңилүү ызасын тартышты.
Е тайпасында Ливан менен Түндүк Корея утулуп, аларды жеңген Катар менен Сауд Аравия 3 упайга ээ болду.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан бул кубокко алгачкы ирээт катышып, С тайпасына түшкөн. Биринчи беттешин Кытай менен өткөрүп, 2:1 менен жеңилүү ызасын тарткан. Эми 11-январда Түштүк Корея менен беттешет.