Биз менен байланышыңыз

Президент коррупциядан түшкөн акча каякка жумшаларын айтты

Кыска кабар | 9 Янв 2019 | 746 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштөн түшкөн акча Бишкек менен Чүй областында мектептерди оңдоп, курууга жумшаларын айтты.

Мамлекет башчы мындай маалыматты бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууга катышкан жергиликтүү жашоочулардын бири коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаты боюнча атайын эсеп ачылганын, ал боюнча иштер кандай жүрүп жатканына кызыкты.

Сооронбай Жээнбеков Бишкек менен Чүй областында мектептердин жетишсиздигин белгилеп өттү.

Кошумчалай кетсек, буга чейин ачылган бирдиктүү эсепке коррупциядан түшкөн каражат 326 млн сомдон ашканы маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM