Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык дипломаттар Шинжаңга барышты

Кыска кабар | 9 Янв 2019 | 555 | 0

Кыргызстандык дипломаттар Кытайдын Шинжаң автономиялык облусуна барышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирген.

Бирок мекеме аталган сапар тууралуу кеңири маалымат берүүдөн баш тартты. Ошондой эле дипломатиялык миссия менен баргандар да сапардын жыйынтыгы, андагы этникалык кыргыздар кабылган абал тууралуу маалымат берише элек.

Буга чейин Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан жана Таиланддын дипломаттары Шинжаңдын бир нече шаарларына барып, аталган кайра тарбиялоо лагерлерин зыярат кылганы эл аралык булактарда кабарланган болчу.

Эске салсак, 2016-жылдан бери байма-бай айтылып келген лагерлерге этникалык кыргыздардын да киргизилгени тууралуу кабарлар өткөн күз айларында күчөдү. Ноябрь айында Кытайдагы кыргыздардын жакындары Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз бийлигинен жакындарынын абалын билип берүүнү суранышкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM