Биз менен байланышыңыз

Австралиядагы 13 элчиликке шектүү баштыктар келип түштү

Бүгүн 9-январда Австралиянын Мельбурн жана Канберра шаарларындагы 13 мамлекеттин элчиликтери жайгашкан имараттарга окшош, шектүү баштыктар почта аркылуу келип түштү. Бул тууралуу Австралиянын полициясынын маалыматына таянып Al Jazeera жазып чыкты.

Аталган баштыктар АКШ, Индия, Британия, Түштүк Корея, Германия, Италия, Швейцария, Пакистан, Греция, Египет, Испания, Япония жана Индонезиянын элчиликтеринин имараттарына жиберилгени кабарланууда.

Азырынча баштыктардын ичинде эмнелер бар экени, ким жибергени жана себептери ачыктала элек. Өлкө полициясы бардыгын алып, териштирүү иштерин баштады.

Жергиликтүү маалымат каражаттарында болсо баштыкта ден соолукка зыян келтирүүчү, ракка алып келүүчү химиялык заттын чыкканы тууралуу кабарлар тарады.

Эске салсак, өткөн жылдын октябрь айында ушундай шектүү баштыктар ичинде жардыруучу заттары менен Американын Билл Клинтон, Барак Обама сыяктуу белгилүү кишилеринин даректерине келип түшкөн болчу.

Copyright © 2017 Maral FM