Биз менен байланышыңыз

Трамп менен оппозиция түз эфирде кайрылуу жасашты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2019 | 603 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп 8-январда мамлекеттик каналдардын биринен түз эфирден сегиз мүнөттүк кайрылуу жасады.

«Өзгөчө кырдаалдагы» кайрылуунун темасы-Мексика менен чек арага бетон дубал тосуу. Ал муну өлкөгө агылган мыйзамсыз миграция жана баңгизатка каршы жалгыз эффективдүү жол деп атады.

Анын айтымында парламенттеги оппозициялык Демократиялык партиясы аталган дубал үчүн 5,7 млрд долларды бөлбөй,   мамлекеттин коопсуздугун тобокелге дуушар кылууда. Эгер алар дубалга каражат бөлбөсө 2019-жылдын бюджетине кол койбой турганын эскертти.

Трамптын кайрылуусунан бир канча мүнөттөн кийин Конгресстин спикери Ненси Пелоси менен сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер башка телеканалдан түз эфирге чыгып, Трамптын кайрылуусуна жооп кылышты.

Алардын айтымында маселе дубалда эмес, чек арада бир нече айдан бери турган балдар менен аялдар. Америкалык демократия дубал менен корголбосун белгилеген оппозиция лидерлери өлкөнүн символу бетон дубал эмес, Эркиндик айкели болууга тийиш экенин эскертишти.

Өлкө коопсуздугу коңшу Мексиканы каражат берүүгө мажбурлап, баш паанек сурагандарга зулумдук кылуу менен камсыз кылынбасын кошумчалаган алар мындай маанисиз иш үчүн бир цент дагы бөлбөсүн баса белгилешти.

Эске салсак, 2019-жылдын бюджети парламентте кабыл алынбай турганына байланыштуу каржылоонун токтоп калганынан улам Американын өкмөтүнүн 25%ы  ишин токтотту. Ички коопсуздук, Транспорт, Соода жана Финансы министрликтери 18 күндөн бери эшиктерин жаап, иштебей турат. Трамп, парламент дубалдын бюджетин бекитпесе бул «шатдаунду» айлап, жылдап уланта  берерин, анткени өлкө коопсуздугу министрликтердин ишинен алдаганча маанилүү экенин айтууда.

Copyright © 2017 Maral FM