Биз менен байланышыңыз

«Быйыл АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода чогуш башка денгээлге чыгат»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Янв 2019 | 523 | 0

Тышкы иштер министринин мурунку орун басары, дипломат Аскар Бешимов “Марал” радиосуна берген маегинде 2019-жылы Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы күрөш күчөй турганын билдирди.

Анын айтымында, АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу башка денгээлге чыгат.

«Ал эми Кыргызстанда жакын арада тышкы саясат боюнча концепциясы чыгат. Анда улуттук кызыкчылык, ири өлкөлөрдүн ортосундагы тиреште биздин жолубуз, ордубуз такталса жакшы болот. Анткени биз эмне каалап жатканыбызды так билишибиз керек. Экономикабыз өссө, чет өлкөдө иштеген мекендештер Кыргызстанга кайтып, өнүгүүгө чоң салым кошот деген ишеничтемин», — дейт Бешимов.

Ал буга кошумча, Орусия КМШ өлкөлөрүндө интеграциянын өзөгү экенин айтып, андыктан Орусия менен болгон мамиледен бир топ нерсе көз каранды экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM