Биз менен байланышыңыз

Бешимов: ШКУ кризистин алдында турат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Янв 2019 | 889 | 0

Тышкы иштер министринин мурунку орун басары, дипломат Аскар Бешимов “Марал” радиосуна берген маегинде Шанхай кызматташтык уюму убакыттын өтүшү менен чоң саясатка айланып кеткенин билдирди.

Анын айтымында, ШКУ учурда кризистин алдында турат.

ШКУ алгач регионалдык коопсуздук жана соода-сатык, финансылык маселелерди өнүктүрүү мактсатында түзүлгөн. Анын ичине эки ири өлкө – Кытай менен Орусия кирген. Бирок жылдар өткөн сайын ал дагы чоң саясатка айланып кетти. Мындайда түрдүү өлкөлөр ШКУда талкууланган маселелерге кызыктар болот. Андыктан Армения, Вьетнам жана башка мамлекеттер аталган уюмга байкоочу болуп кириши толук мүмкүн”, — дейт Бешимов.

Анын пикиринде, Индия менен Пакистандын ШКУга кириши менен аталган өлкөлөрдөгү чыр уюмга дагы кирген. Бирок ШКУ Борбор Азия, Кытай жана Орусиянын маселелерин чечпей туруп, калган өлкөлөрүн көйгөйлөрүн жөнгө сала албайт.

“Индиянын геосаясаттагы ролу өсөт. Анткени Индиянын калкынын саны Кытайдын элине жеткени калды. IT технологиясы боюнча Индия дагы өнүгүп жатат. IT технологияларын сөзсүз түрдө биз дагы колдонобуз. Анын үстүнө өлкөнүн экономикасы күндөн-күнгө өсүүдө. Андыктан Борбор Азияда Индиянын дагы кызыкчылыктары көп. Индиядан Кыргызстанга келгендердердин да саны өстү. Алгач окуучулар, андан соң ишкерлер, жумушчулар келет. Бул дагы саясат”, — дейт Бешимов.

Copyright © 2017 Maral FM