Биз менен байланышыңыз

Бешимов: 2019-жыл глобалдык чакырыктардын жылы болот

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Янв 2019 | 628 | 0

Тышкы иштер министринин мурунку орун басары, дипломат Аскар Бешимов “Марал” радиосуна берген маегинде 2019-жыл саясий, глобалдык чакырыктардын жылы болорун билдирди.

Анын айтымында, Орусия менен Батыштын ортосундагы пикир келишпестиктер, Крым боюнча киргизилген чектөөлөр сөзсүз түрдө Кыргызстанга дагы таасирин тийгизет. Экинчиден, АКШ менен Кытайдын ортосунда уланып жаткан соода согушу дагы таасир бербей койбойт.

Бешимов мурдагы СССРдин курамындагы мамлекттерде интеграция маселелери дагы деле кризиске учурап келе жатканын айтып, бул багытта Кыргызстан дагы өз ордун таап алышы керек экенин белгиледи.

«2019-жылы геосаясатта өзгөрүү болот. Анткени дүйнө күндөн-күнгө өзгөрүп жатат. Акыркы 3 жылдан бери ким күчтүү болсо, анын укугу көп деген түшүнүккө өтүп кетип, эл аралык укуктук нормалар кризиске учураган соң анын ордуна кайсы жаңы талаптар кирет? Азыр Кытай да өзүнүн демилгесин көтөрүп, Евробиримдик жаңы стратегиясын кабыл алып жатат. Ал стратегияларда Орто Азия дагы бар. Биз дагы ири өлкөлөрдүн тирешинин таасирин көрөбүз», — дейт Бешимов.

Copyright © 2017 Maral FM