Биз менен байланышыңыз

Анкарада орус элчисинин өлүмүнө шектүүлөрдүн соту өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2019 | 547 | 0

Анкарада 2016-жылдын 19-декабрында киши колдуу болгон орус элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө шектүү кишилердин соту башталды. Бул тууралуу Би-би-си жазды.

Анкара прокуратурасынын версиясы боюнча 28 киши кылмышка катышы бар делип, иши сотто каралат. Алардын сап башында дин аалымы Фетхуллах Гүлен бар. Түрк бийлигинин айтымында аскер Мевлүт Алтынташка алар террордук топ деп жарыялаган Фетхуллах Гүлен демилгелеген Кызмат кыймылы элчини өлтүрүүнү буюрган.

Бирок президент Режеп Тайип Эрдогандын сөзү менен бекемделген бул чечим эл аралык коомчулукту ынандырган жок. Кылмышкер элчинин артынан атарда: «Аллаху Акбар! Биз Мухаммеддин жолун жолдогон жихадчы муунбуз! Сирияны унутпагыла! Алеппону унутпагыла!»,-деп кыйкырган. Серепчилер мындай чакырыктар Кызмат кыймылынын диний көз караштарына такыр дал келбесин баса белгилешүүдө. Бул көбүрөөк Сирияда Асад режимине каршы согушкан, учурда түрк бийлиги колдогон Нусра фронтуна жана террордук ИШИМ тобунун риторикасына дал келерин айтышат.

2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинде Алтынташ президент Эрдоганды колдоо үчүн Диярбакырдан Анкарага келип, анын тарапташтары менен көчөгө чыккан. Бир нече жолу президенттин жанындагы коопсуздук кызматында иш чарага катышкан. Өзгөчө, төңкөрүш аракетине байланыштуу он миңдеген аскерлер кызматтан алынганда Алтынташ ага шектелген да эмес.

Эске салсак, Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов сүрөт көргөзмөлөрдүн биринин бет ачарында сөз сүйлөп жатып кол салуудан мерт кеткен. Кылмышкерди болсо күч түзүмдөрү жеринде атып өлтүрүшкөн. Анын телефон жана ноутбугунан эч кандай кылмышка байланыштуу маалымат чыккан эмес. Көрсөтмөнү уюштургандар, Орусия тууралуу китеп жазгандар жана кылмышкердин бирге иштеген жолдоштору да соттолууда.

Copyright © 2017 Maral FM