Биз менен байланышыңыз

Кытайдын калкы азаюуда

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2019 | 919 | 0

Кытайдын калкынын ишке жарамдуу катмарынын саны азайып, карыгандардын саны кескин көбөйдү. Мындай маалыматты Кытай социалдык илимдер академиясы (КСИА) жарыялады.

Мындай көрсөткүк коомдук жана экономикалык абалга терс таасирин тийгизерин эскерткен уюм буга каршы чараларды көрүүгө чакырды.

Алардын айтымында, мындай темп менен кетсе 2050-жылга карата калктын саны 1,3 миллиардга түшүп, 65-жылга 1,1 миллиард болуп калары бышык.

Бирок Кытай өкмөтү мунун алдын алуу үчүн 2015-жылы «бир гана балага уруксат» саясатын алып салды. Ошондой эле 2029-жылга 1 миллиард 440 миллион болууну көздөөдө. Бул сан рекорддук чек болот.

Эске салсак, Кытайдын азыркы калкынын саны 1 миллиард 380 миллионду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM