Биз менен байланышыңыз

Текебаевдин ооруканадан качан чыгары белгисиз

Кыска кабар | 7 Янв 2019 | 744 | 0

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан качан чыгары белгисиз. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова «Маралга» билдирди.

Анын айтканына караганда, учурда Текебаевдин ден соолугу жакшы.

«Азыр Текебаевдин ден соолугу жакшы, дарыланып, анализдерди тапшырып жатат. Ага ырайым кылуу боюнча сунушту комиссия карап жатканын массалык маалымат каражаттарынан гана угуп жатабыз. Эгерде камактан чыгарбай калса анда алдыда кандай болору тууралуу менде маалымат жок. Текебаев ооруканага ден соолугуна байланыштуу жаткан. Бул анын ишин президенттин аппараты карап жатканынан көз каранды эмес», — дейт жактоочу.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 13-декабрында Текебаевге стенокардия, аритмия, гипертония ооруларынын диагнозу коюлуп, абактан Улуттук кардиология борборуна которулган.

2017-жылы жазда Текебаевге «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM