Биз менен байланышыңыз

Бүгүн футбол боюнча Азия Кубогу башталат

Кыска кабар | 5 Янв 2019 | 649 | 0

Бүгүн, 5-январда Бириккен Араб Эмирлигинде футбол боюнча Азия Кубогу башталат.

Беттештер Абу-Даби, Дубай, Аль-Айн жана Шарджа шаарларындагы 8 стадиондо орун алат. Кубоктун алгачкы турунда 6 тайпага бөлүнгөн 24 команда ойнойт.

Азия кубогунун ачылышы Zayed Sport City стадионунда орун алып, Бириккен Араб Эмирлиги менен Бахрейн командалары беттешмекчи. Оюн Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башаталат.

Кыргызстан курама командасы чүчүкулактын жыйынтыгында С тайпасына туш келген. Анда Корея, Филиппин жана Кытай менен ойнойт. Акшумкарлардын алгачкы беттеши 7-январда орун алып, анда Кытай менен кез келет.

Кошумчалай кетсек, кыргыз курама командасы өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери бул кубокко алгачкы жолу катышып жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM