Биз менен байланышыңыз

100дөй немис саясатчысы хакердик чабуулга кабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Янв 2019 | 457 | 0

Немис канцлери Ангела Меркель жана президенти, 100дөй саясатчынын социалдык тармак аркылуу жазышкан каттары жана өздүк маалыматтары “Твиттерге” жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Мындай хакердик чабуулган карата Германия өкмөтү билдирүү жасап, окуя 4-январда катталганын маалымдаган. Ошондой эле Ангела Меркелге тиешелүү жашыруун маалыматтардын ачыкка чыкканы аныктала электигин билдирген.

-Немис саясатчыларынын электрондук почтасын ким тинтүүгө алганы жана алар кайсы өлкөнүн жарандары экени аныктала элек. Азыркы учурда Инфотехнологиялык коопсуздук боюнча федералдык бюро иш алып барып жатат,-деп маалымдашкан.

Ошондой эле мындай чабуул бир гана саясатчыларга эмес Германиянын атактуу маданият кызматкерлерине жасалганы да аныкталган. “Твиттерде” анонимдүү баракча ачылып, киберчабуулдан алынган маалыматтар ошол жакка жарыяланган. Кийин ал баракча жок кылынган.

Маалыматта айтылгандай, хакерлер канцлер Ангела Меркель жана «жашылдардын» лидери Роберт Хабек жана сатирик Ян Бёмерманн тууралуу маалыматтарды тинтип, ачыкка чыгаруу болгон.

Немис басылмалары эскерткендей, өткөн жылы да бундестагдын депутаттарына киберчабуул болгон, аны Snake деген топ ишке ашырган. Германиянын атайын кызматы бул ишке Орусиянын байланышы бар деп шектенген.

Copyright © 2017 Maral FM