Биз менен байланышыңыз

Путиндин жаңы жылдык кайрылуусу орусиялыктарды нааразы кылды

Орус президенти Владимир Путиндин жаңы жылдык кайрылуусуна нааразылык билдиргендер көп болду. Орусиянын Биринчи каналынын расмий Ютуб каналына жарыяланган кайрылууга лайк баскан 22 миң кишиге каршы дизлайк баскандар 66 миңге чыккан. Ошондой эле кайрылууга еөбүнчө терс пикирлер калтырылганы  байкалат.

Пикир билдиргендердин басымдуу бөлүгү өлкөдөгү  пенсия курагынын жогорулашына, күйүүчү майга болгон баанын кымбатташына жана салыктардын көбөйүшүнө нааразылык билдиришкен.

Эске салсак, Орусияда 2018-жылы жүргүзүлгөн пенсияга байланыштуу реформалардын негизинде мамлекеттик кызматкерлердин пенсияга чыгуу курагы эркектер үчүн 65 жаш, ал эми аялдар үчүн 60 жаш деп белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM