Биз менен байланышыңыз

Бир жылда 500 дөн ашуун киши учак кырсыгынан мерт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2019 | 626 | 0

Узаган 2018-жылда катталган учак кырсыктарынан набыт болгондордун саны 500дөн ашат. Бул тууралуу ASN эл аралык аба жолдору түйүнү кабарлады.

Бул 3 миллиондо бир өлүмчүл учуу катталганын билдирет. Мындай  көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу эселеп көп. Өткөн жылы учак кырсыгынан каза болгондордун саны 79 киши болгон.

Бирок көбөйгөн аба сапарларынын санына салыштырганда бул мурунку жылдарга караганда аз. Буга өнүккөн технология жана коопсуздук үчүн көрүлгөн мыкты чаралар себеп болду.

2018-жылдын эң чоң учак апааты Индонезиядагы 189 кишинин өмүрүн алган Boeing 737 MAX учагы менен Кубанын аба каттамдарында 112 кишинин өлүмүнө алып келген Boeing 737-201 учагы кабылган  кырсык эсептелет.

Мындан сырткары Орусия, Непал жана Иранда да өлүмчүл учак кырсыктары катталган.

 

Copyright © 2017 Maral FM