Биз менен байланышыңыз

Boeing 58 жылдан бери алгач ирет январь айында буюртма алган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 599 | 0

Boeing компаниясына 1962-жылдан бери алгачкы жолу ушул жылдын январь айында бир да буюртма түшкөн эмес. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазды.

Белгилей кетсек, учурунда АКШда эң көп сатылган 737 Max учагы менен болгон эки ири аба кырсыгы катталган соң компаниянын иштери артка кеткен.

Салыштыруу үчүн, компания 2019-жылдын январь айында 46 учак жеткирип, андан сырткары 45 жаңы буюртма алганын атсак болот.

Ал эми бул жылы мурда буюртма алган 13 самолётун гана жеткирип берген, анын алтысы — 787 Dreamliner, Boeing 767 жана 777, ошондой эле 3 737NG үлгүдөгү учактар.

Ал эми 737 Max модели январдан тарта өндүрүштөн токтотулду.

Өз кезегинде Боингдин башкы атаандашы, Европанын Airbus концерни январда акыркы 15 жыл ичиндеги эң ири буюртманы алганы маалым болду. Компания январь ичинде 247 учакка буюртма алган.

2019-жылы АКШ компаниясы 22 жыл ичинде алгач ирет зыянга учураган. Чыгымдын баасы 636 млн долларды түзгөн.

Январдын соңунда Боингдин башкы жетекчиси өзгөрүп, компанияга Дэвид Кэлхун жетекчи болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM