Биз менен байланышыңыз

Boeing 737 MAX учагынын тесттик учуусуна уруксат берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 756 | 0

Эки жолку авиакырсыктын кесепетинен 346 адам каза болгон Boeing 737 MAX учагынын учуусуна дүйнө жүзү боюнча бир жылдан ашык убакыттан бери тыюу салынган. Учак өндүрүүчү компания кайрадан сертификациясын кайтарып алууну каалайт.

АКШнын Федералдык авиациясынын администрациясы (FAA) 28-июнда Boeing 737 Max үлгүсүндөгү учакка учкучтар менен сыноону баштоого уруксат берди.

Алар Эфиопия менен Индонезияда 346 адамдын өмүрүн алып кеткен эки жолку учак кырсыгынан кийин, 2019-жылдын март айынан баштап, дүйнө жүзүндө иштөөгө тыюу салынган орто аралыктын моделин кайрадан сертификациялоо үчүн сыноодон өткөрүшөт. Адистердин божомолунда, эң эрте дегенде сентябрда гана жүргүзүлгөн сыноолор ийгиликтүү өтсө, каттамдарды кайра калыбына келтирүүсү мүмкүн.

Сыноодон өткөрүүнүн негизги милдеттеринин бири — борттогу программалык камсыздоонун иштешин текшерүү жана биринчи кезекте, аба кырсыгынын иликтөөлөрүнө ылайык, ушул үлгүдөгү самолеттун кыйрашына алып келген MCAS тутумун өркүндөтүү болуп саналат.

Кырсыктан кийин Боинг жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун четке кагып, кемчиликтерин жашырган деген айыптар тагылган. АКШ Конгрессиндеги тергөөгө, 737 Max учагын сатып алган авиакомпаниялар жана курман болгондордун туугандары доо арыздары менен кайрылган.

2020-жылдын январында бул моделди өндүрүү токтоп калган.

Copyright © 2017 Maral FM