Connect with us

Магнитогорск кырсыгында куткарылган наристенин абалы оор

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2019 | 1028 | 0

Орусиянын Магнитогорск шаарында ураган имараттын астынан тирүү табылган 11 айлык наристенин абалы оор болууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Куткаруучу топ урандылардын астында калган 11 айлык Иванды алып чыгып, жүрүргөн бойдон тез жардамга бараткандагы видео тараган.

Баланын кантип табылганы тууралуу куткаруучу Пётр Гритсенко мындай деди:

«Добуштарды угуу үчүн тынч абал түзүлдү. Бирөө ыйлаган баланын үнү угулганын айтты. «Тынч болгула!» деп кыйкырганда бала дагы токтоп калды. «Каердесиң? Кандайсың?» деп үн сала баштасак ал дагы ыйлады. Ошентип ордун аныктадык».

Бирок наристе бир жарым сутка -17 градус суукта калган. 30 сааттан ашык суукта жаткан наристенин кээ бир органдары тоңуп калган. Ал кырсыктан башынан жаракат алып, буттарында да сыныктар бар экени маалым болду. Москвадагы ооруканага которулган баланын абалы учурда оор болууда.

Эске салсак, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги газдын жарылуусунан бир подьезд толугу менен урап тушкөн. Набыт болгондордун саны 9га чыгып, 32 киши дайынсыз болууда. Буга байланыштуу 2-январь Орусияда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM