Биз менен байланышыңыз

Чуулуу Манбиж шаарына оппозициялык күчтөр кирүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Дек 2018 | 965 | 0

Сириянын түндүк тарабына жайгашып, өкүмүн орноткон «Эркин Сирия армиясы» жана «Ислам армисы» куралдуу тузүмдөрү Манбиж шаарына кирүүдө. Аталган күчтөр өздөрүн Африн аймагына жайгаштырган Түркиянын колдоосуна таянууда.

«Биз Манбижге кирүүгө даярбыз. Биз Асад режими тараткан чагымдарды жокко чыгарууну көздөйбүз. Асаддын аскерлери Манбижге кире албайт. Биз, Эркин Сирия аскерлери, Кудай буюрса, бир тууган башка топтор менен биргеликте Манбижге куткаруучу болуп киребиз» ,-деди түзүмдүн башчысы Абу Фарук.

Эске салсак, Манбиж Сириядагы ИШИМ террордук тобунун негизги күчтөрү жайгашкан аймак болуп, алар сүрүлүп чыккан соң күрд тузүмдөрү жана оппозициялык күчтөр алууга аракет кылып келген талаштуу жер болуп саналат. Америкалык аскердик түзүмдөр менен бирге күрд аскерлери аймакта козөмөл жүргүзүшчү. Учурда америкалык аскерлер Сириядан чыгарылып жатканына байланыштуу бийликтеги Асад режими расмий билдирүү таратып, Манбижди Дамасктын көзөмөлүнө аларын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM