Биз менен байланышыңыз

«Раим миллион» соттон утуп чыкты

Кыска кабар | 28 Дек 2018 | 883 | 0

«Раим миллион» лакабы менен таанылган Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимов Бишкек шаардык сотунда кайрадан утуп чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу Татьяна Карыжинская билдирди.

Өкмөттүн арызынын негизинде Матраимовдун ишин караган Бишкек шаардык соту биринчи инстанциядагы Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Анын жактоочусунун айтымында, эми экинчи инстанциянын чечими дароо күчүнө кирип, Матраимов Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары кызматына кайтат.

Ал эми доогер өкмөт бул иш боюнча эми Жогорку Сотко арызданарын билдирди.

Эске салсак, мурунку премьер-министр Сапар Исаков «иши саясий жетекчиликтин саясатына дал келбейт» деген жүйө менен Райымбек Матраимовду кызматтан алганда, ал мунун негизсиз экенин айтып, сотко арызданган. Биринчи май райондук соту анын арызын канааттандырып, кайра кызматына кайтаруу боюнча чечим чыгарган. Буга нааразы болгон өкмөт Бишкек шаардык сотуна кайрылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM