Биз менен байланышыңыз

Асанов: Келечекте милициядан полицияга өтөбүз

Пикирлер | 28 Дек 2018 | 826 | 0

Милициянын жарандарга жасаган мамилеси — реформанын башаты. Ага тыйындын кереги жок. Милициялар алгач жарандардын жардамчысы болушу керек. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, генерал Курсан Асанов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Асанов укук корогоо органдарынан ИИМ жарандар менен тыгыз иштешерин айтат. Аталган министрлик учурда жарандарды графиксиз кабыл алып жатканын белгиледи.

«Жарандарды кайсыл учурда болсо дагы кабыл алабыз. Алсак, мен жыл ичинде 535 жаранды жеке кабыл алдым. Келген арыздарга жооп берип, чечим кабыл алып жатабыз. Милиция кызматына ата мекенге кызмат кылуу максатында келиш керек. Келечекте милициядан полицияга өтүшүбүз керек. Учурда бул боюнча мыйзамдарды иштөөнүн үстүндөбүз. Кызматкерлердин аты гана эмес заты да өзгөрөт. Жөнөкөй жарандар милициялар мыйзамсыз аракет, орой мамиле кылса, аны видеого тарта алат. Мамлекеттин өнүгүшү үчүн темирдей бекем тартип керек», — дейт Асанов.

Анын айтымында, ар бир башкармалыкта коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу, чарбалык багыт боюнча жана криминалдык блок болушу зарыл. Булар келечекте ишке ашат.

Copyright © 2017 Maral FM