Биз менен байланышыңыз

Асанов: ИИМ жаңы кодекстер менен иштөөгө толук даяр

Пикирлер | 28 Дек 2018 | 1049 | 0

Ички иштер министрлиги жаңы кодекс жана бирдиктүү реестр менен иштөөгө толугу менен даяр. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, генерал Курсан Асанов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдан тарта сот-укуктук реформанын алкагында жаңы 5 кодекс, тагыраагы, «Жазык», «Жоруктар», «Бузуулар», «Кылмыш-жазык» жана «Жазык-аткаруу» кодекстери иштей баштайт. Ал үчүн 2 бирдиктүү реестр түзүлүшү керек.

Кылмыштар жана жоруктар жөнүндө бирдиктүү реестрди түзүү милдети Башкы прокуратурага, ал эми укук бузууларды каттоочу бирдиктүү ИИМге жүктөлгөн.

«Реформанын негизги максты коомдук коопсуздукту камсыз кылууда бирдиктүү тутум жана кызматкерлерге шарт түзүү болуп саналат. Жаңы кодекстер негизинен адам укуктарын коргоого багытталган. Мындан сырткары кылмыштар түрлөргө бөлүнгөн. Алсак, анча оор эмес кылмыштар «Жоруктар» кодексинде. Мурда бир тоок уурдагандар да камалчу. Алар абактан кандай болуп чыгары башка маселе. Ошондуктан «Жоруктар» кодексине ылайык, алгач тешкерүү иштери жүргүзүлөт. Күнөөсү аныкталса, биринчи түзөтүү ишине, экинчиден, коомдук жумуштарга тартылат, үчүнчүсү айып пул салынат», — дейт Асанов.

Асанов буга кошумча өкмөт башчынын токтомуна ылайык, жаңы кодексте Конституцияга каршы келген учурда, Конституциялык соттун чечимин аткаруу үчүн жана «Коопсуз шаар» долбооруна байланыштуу беренелерди өзгөртүүгө мүмкүн экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM