Биз менен байланышыңыз

Асанов: Эми эреже бузган айдоочунун күбөлүгү алынбайт

Пикирлер | 28 Дек 2018 | 2204 | 0

2019-жылдан тарта күчүнө кирчү жаңы кодекстерге ылайык, жол эрежесин бузган айдоочунун күбөлүгү тартылып алынбайт. Окуя каталган жерде электрондук протокол толтурулуп, айып пул салынат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, генерал Курсан Асанов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы жылдан тарта мас абалында унаа айдаган айдоочуларга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Мындайда милиция кызмаркери айдоочунун унаасын убактылуу токтотуучу жайга коюуга укуктуу. Ал эми айып пул 1 айдын ичинде төлөнбөсө, туум кошулат. Жаңы мыйзамдарга ылайык, туумдар 1 пайызга көтөрүлгөн.

«Арыз, даттануулар өз ордунда чечилиши керек. Айдоочулар айып пул төлөөгө кызыктар болушу зарыл. Айып пулдар юридикалык жактарга башкача каралган. «Бузуулар» кодекси боюнча бирдиктүү реестр ишке кирет. Натыйжада, протокол электрондук түрдө толтурулат да айып пул кассага төлөнөт. Бирдиктүү реестрди иштетүүгө даярбыз. Ал үчүн кызматкерлер үчүн жер-жерлерде компьютер сатылып алынды. Эл аралык уюмдардын эсебинен атайын китептер чыгарылып, жаңы кодекстер боюнча 200гө жакын тренер аймактарда окутууларды өткөрдү. Кызматкерлерден сынак алынды. Окутуулар дагы улантылат», — дейт Асанов.

Анын билдиргенине караганда, жаңы кодекстерди ишке ашыруу үчүн ИИМге 85 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Ага 618 компьютер, 300дөн ашуун камера жана башка тиешелүү техникалар сатылып алынган. Бирдиктүү реестр үчүн алынган 137 компьютер жер-жерлерге таратылып берилген.

Белгилей кетсек, 2019-жылдан тарта сот-укуктук реформанын алкагында жаңы 5 кодекс, тагыраагы «Жазык», «Жоруктар», «Бузуулар», «Кылмыш-жазык» жана «Жазык-аткаруу» кодекстери иштей баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM