Биз менен байланышыңыз

Казакстандан бензин импорттоло баштайт

Кыска кабар | 28 Дек 2018 | 543 | 0

Казакстан Кыргызстанга бензинди 2019-жылдын февралынан баштап экспорттоосу мүмкүн. Учурда бул боюнча макулдашуулардын акыркы баскычтарында кол коюулар жүрүп жатат. Мындай маалыматты Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаевге таянып Zakon.kz сайты жазды.

«Биз өткөн аптада Кыргызстан тарап менен сүйлөштүк. Ал жакта тиешелүү жооптуу комитетти дайындашты. Январдын ортолорунда акыркы макулдашууга кол койсок, февралдан тарта бензинди экспорттоону баштайбыз»,-деди министр.

Мындан сырткары азырынча дизель майын сатуу планда жок экенин, ал үчун алгач өлкөдө күйүүчү майга талап канчалык экенин аныктоо керектигин билдирди.

Кошумчаласак,ири үч мунай өндүрүүчү заводду модернзациялагандан кийин Казакстанда күйүүчү майдын ашыкча экени байкалып, өкмөт экспорттоону көздөөдө. Кыргызстанга күйүүчү майды азырынча Орусия гана экспорттоодо.  Өлкөнүн муктаждыгы жылына 1 миллион тоннадан ашат.

Copyright © 2017 Maral FM