Биз менен байланышыңыз

2018-жыл баткендиктер үчүн кандай болду?

Коом | 27 Дек 2018 | 955 | 0

Өтүп бара жаткан 2018-жыл Баткен облусунун калкы үчүн кандай жылдардан болду? Калктын турмушу кайсы жакка өзгөргөнүн, элдин баамында, аймактагы социалдык-экономикалык абалдын жакшырып-жакшырбаганына кызыктык.

-Региондорубуздан суу чыгып, жолдор оңолду. Ал эми жеке жошоомдо өзгөрүү болгон жок

-Албетте, элдин жашоосунда өзгөрүү болду. Мамлекетте да жакшы өзгөрүү болду. Азыркы өлкө башчы жакшы иштеп жатат. Бирок пенсияны көбөйтсө дагы да жакшы болмок.

— 2018-жылда Кыргызстанда стабилдүүлүк орноду. Демократия болгон үчүн кеңири иш жүргүзгөнгө шарт түзүлдү.

— Бул жылда элдин мамлекетке болгон ишеними артты.

— Биздин айыл өкмөттө социалдык обьектилер курулду. Жолубуз асфальтталды.

Деген менен, 2018-жылда эч кандай өзгөрүү, жетишкендик байкалбай,  адаттагыдай эле жыл болуп, элдин жашоосунда  мурдагыдай эле кыйынчылыктар болуп жатканын айткандар да болду.

-Мен өлкөдө жылышты байкаган жокмун. Адаттагыдай эле жыл болуп, жашообуз уланууда.

-Эл мурдагыдай эле кыйын жашоодо жашап атат. Документ иштериндеги кыйынчылыктар дагы деле ошол бойдон. Пенсия, жөлөк пул алуудагы түйшүктөр дагы деле бар.

Ал эми 15 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келген Лайли Юсупова үчүн 2018-жыл жемиштүү жылдардан болду. Жумушунда да ийгилик  коштоп, жеке жашоосунда да жакшы жылыштар болгонун айтат.

— 2018-жыл мен үчүн ийгиликтүү жыл болду. Мугалим болгондуктан окуучуларым предметтик олимпиададан биринчи орунду алышты. Жеке жашоомдо чоң там салып, автоунаа алууга жетиштим.

ЖИА бизнес бирикмесинин Баткендеги жетекчиси Шералы Касымалиевдин айтымында, 2018-жылда облустагы жеке ишкерлер үчүн бир топ жеңилдиктер каралды. Бирок бул жылда ишкерлик жаатында көзгө көрүнөрлүк деле натыйжа болгон жок.

Мамлекет тарабынан бир канча жеңилдик, өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтсам, 3 жылга чейин текшерүүлөр болбой турган болду. Жеңилдетилген насыялар бериле турган болду. Бирок Баткен облусу чоң ачылыш жасап, натыйжа көрсөтө алган жок. Ошентсе да чакан сүттү кайра иштетүү ишкана ачылды.

Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бул жылда жеке ишкерлер тарабынан жаңы ишканаларды ачып, жумушчу орундарды түзүүнүн аракети жылдагыдан жакшы болду. Мамлекет инвесторлорду тартуу менен айыл чарба, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында негизги көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылышканын айтышууда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM