Биз менен байланышыңыз

2022-жылы кыргызстандыктарды кубанткан, сыймыктандырган окуялар

Блог | 28 Дек 2022 | 984 | 0

2022-жыл дагы аяктаарына саналуу гана күндөр калды, жыл жыйынтыктап жатып «Марал» радиосу узап бара жаткан жылдагы кыргыз элин кубанткан, сыймыктандырган  жаңылыктарды топтоду. 2022-жылдагы кыргызстандыктарды кубанычка бөлөгөн жаңылыктардын тизмесин төмөнкү макаладан окусаңыз болот.

7 миллионунчу жарандын төрөлүшү

Кыргыз эли үчүн 2022-жылдагы эң сүйүнүчтүү кабар 7 миллионунчу жарандын төрөлүшү десек болот. 6 миллионунчу жарандан кийин, жети жылдан соң жарык дүйнөгө келген 7 миллионунчу кыргызстандык Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда саат 2:10до төрөлдү.

Ага Президент Садыр Жапаров өлкө гүлдөп-өнүксүн деген жакшы тилек менен Жакшылык деген ат койду.

Манасчынын Гиннеске кириши

2021-жылы негизделген «Манас» театрнын имаратынын ачылышы 2022-жылы болду. Жаңы имаратту болгон өнөр адамдары бир топ ийгилктүү иштерди жасады. Алардын бири коомчулуктун катуу сынына кабылып. Рыспай Исаковдун Түркиянын Бурса шаарында өткөн «Манас» жумалыгынын алкагында «Манас» эпосун 124 саат айтып, дүйнөлүк «Гиннес» рекорддор китебине эң узак айтуучу катары киргенин айтсак болот. Сындар айтылып, күлкүгө айланган менен дүйнөлүк «Гиннес» китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, манасчыга күбөлүк тапшырды.

Кыргызстандыктар негиздеген D Billions тобунун жетишкендиктери

Ошондой эле бул жылы D Billions тобунун My name is Chiki ыры дүйнөлүк ыр болду десек болот. Себеби бул ырга бир гана кыргыздар эмес интернет тармагында дүйнө бийледи. Алардын катарында «Evrovision» эл аралык музыка сынагынын экинчи жарым финалы ачылышында, алып баруучулардын бири Алессандро Каттелан бул ырга бийчилер тобу менен бийлеген.

ТикТок сервисинде команданын ырлары, бийлери өзгөчө популярдуу. Буга чейин белгилүү кореялык ырчы PSY да аталган топтун ырына видео тартып, ТикТок баракчасына чыгарган.  Кытай ТикТок сервисинде 250 миллион жолу кыска видеолор тартылган.

Ошондой эле америкалык Bloomberg басылмасынын командасы D Billions тобунун ийгиликке жетүү жолун тартуу үчүн атайын Кыргызстанга келип даректүү тасмага түшүрүп кетишти.

«Оскар» кино сыйлыгына сунушталган тасма

Тасма талаасына келсек, кыргыз кинолору бир топ эл аралык кинофестивалдарга катышып ийгиликтерди жаратты. Алсак Кыргыз режиссер Таалайбек Кулмендеев тарткан «Үй сатылат» тасмасы беделдүү «Оскар» кино сыйлыгынын «Эл аралык мыкты тасма» номинациясына Кыргызстандын атынан көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, бул жылы Кыргыздын белгилүү кинорежиссёру Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Евразия» эл аралык киносынагынан баш байгени жеңип алды.

Акжол менен Жоламандын ийгилиги

Бириккен күрөш дүйнөсү кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовду 2022-жылдын «Тарых жаратуучусу» деп аныктады.

Акжол Махмудов Сербияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта финалда венгриялык Золтан Леваи менен күрөшүп атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болгон. Ал эми, Жоламан Шаршенбеков аталган мелдеште, финалда болгариялык Эдмонд Назарянды 11:2 эсебинде жеңип, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду.

Спорт тармагындагы кубанычтуу кабарлар муну менен токтоп калган жок, Кыргызстандык спортчулар Бекболот Токтогонов жана Дайырбек Карыяев самбо боюнча дүйнө чемпиону болду.

Дүйнө чемпионаты алгачкы жолу Бишкек шаарында өттү.

 

Дайырбек Карыяев

Футбол 

Кыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков The Guardian гезити жарыялаган 2005-жылы туулган  эң таланттуу 60 жаш футболчунун катарына кирген.

Ал эми Кыргызстандын сары кызы аталып, дүйнөгө мекенибиздин атын таанытып жүргөн Валентина Шевченко Сингапурда өткөн UFC 275 мелдешине катышып, UFC чемпиондук курун жетинчи жолу коргоп калды.

Дүйнөлүк хитке айланган ыр

Кыргызстандык жаш ырчы Амирхан Батабаев «Бул сүйүү» деген ыры Shazam-200дө популярдуу болду.

Аталган ыр дүйнөлүк хитке айланып, Азиядагы бардык хит-параддарда лидерликти ээледи.

Илим, Бизнес  тармагындагы ийгиликтер 

Илим тармагында дагы кубанычтуу кабарлардын бири академик Алтай Бөрүбаевдин «Бирдиктүү мейкиндиктин абсолюттук, толуктоо жана кеңейтүү операцияларынын алмаштыруу касиети» аттуу математикалык изилдөөсү илимий ачылыш катары таанылды.

Мындан тышкары, Кыргызстандык айым Айнура Сагын Би-Би-Си жүргүзгөн рейтингинде  планетанын эң таасирдүү жана шыктандыруучу 100 аялынын катарына кирди.

Бул жыл эң алыскы айыл Зардалы айылы үчүн дагы өзгөчө жыл болду десек болот. Себеби аталган айылга интернет жеткирилди.

Маалыматка караганда, учурда интернет тартып жатат. Жабдыкты орнотуу боюнча иштер экинчи ирээт жүргүзүлүүдө. Биринчи жолу жабдык 2021-жылы орнотулуп, бирок кийинчерээк туура эмес колдонуудан улам иштебей калган.

Келе жаткан 2023-жыл дагы Кыргызстан үчүн ийгиликтүү жылдардан болсун!

2023-жылы кыргызстандыктарды кандай өзгөрүүлөр жана окуялар күтөт?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM