Биз менен байланышыңыз

2023-жылы кыргызстандыктарды кандай өзгөрүүлөр жана окуялар күтөт?

Блог | 29 Дек 2022 | 10947 | 0

Кыргызстандыктарды 2023-жылы бир катар өзгөрүүлөр жана маанилүү окуялар күтүп турат. «Марал» радиосу 2023-жылга пландалган жаңы эрежелер, иш-чаралар жана мааракелер тууралуу маалыматтарды топтоду.

Ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилет

Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Жарлык 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Жарлыкка ылайык, министрлер кабинетине 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге чакан, орто жана ири ишкердик субъекттерине, ошондой эле коммерциялык банктарга ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо органдары жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө убактылуу тыюу салууну (мораторийди) киргизүү тапшырылган.

Баткенде 10 айылдын аты өзгөрөт

Президент Садыр Жапаров «КРнын Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзамга ноябрь айында кол койгон. Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан бул мыйзамда Баткен облусунун 3 айыл аймагы жана 10 айылынын аттары өзгөртүлдү.

Мыйзамга ылайык, төмөнкү айыл аймактарынын жана айылдарынын аталыштары өзгөртүлдү:

  • Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймагы Айрыбаз айыл аймагы деп
  • Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Марказ айылы Айрыбаз айыл аймагынын Айрыбаз айылы деп;
  • Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакиш айылы Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылы деп
  • Кадамжай районунун Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан айыл аймагы деп
  • Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Ак-Өргө айылы деп
  • Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Халмион айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылы деп
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагы Кең-Талаа айыл аймагы деп
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Даргаз айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Кереге-Таш айылы деп
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Дархум айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Жети-Таш айылы деп
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Маргун айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылы деп
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Чурбек айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Үч-Булак айылы деп
  • Лейлек районунун Раззаков шаарынын Мурза-Патча айылы Раззаков шаарынын Ак-Босого айылы деп
  • Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Коммуна айылы Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылы, деп кайра аталды.

Юридикалык жактарды каттоо автоматташтырылат

2023-жылдан тарта компанияны каттоо үчүн Юстиция министрлигине, андан кийин Салык кызматына баруунун кажети жок болот. Мунун баары электрондук форматта да болот. Бул тууралуу салык кызматы билдирген.

MegaCom уюлдук оператору сатыкка коюлат

Мамлекеттик мүлк фонду 2023-жылы “Альфа Телеком” ЖАКты (MegaCom уюлдук оператору, мамлекеттин үлүшү – 100%) сатыкка коет. Учурда уюлдук оператордун наркы 14 млрд 15 млн сомго (КР Улуттук банкынын учурдагы курсу боюнча 165 млн доллар) бааланат. Акыркы бааны баалоочу компания аныктайт.

Starlink спутниктик интернети Кыргызстанга келет

Илон Масктын  Starlink спутниктик интернети 2023-жылы Кыргызстанда да тарта башташы мүмкүн. Бул тууралуу “Кыргыз интернет” коомунун жетекчиси Талант Султанов “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, учурда SpaceX компаниясы менен спутниктик интернетти Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бул тууралуу SpaceX компаниясы нын «Твиттер» баракчасында да айтылган.

Анда 2023-жылы спутниктик интернет жабдууларын 32 өлкөгө жөнөтүү мерчемделип жатканы айтылып, ал өлкөлөрдүн жайгашуу картасын жарыялады.

Картадан көрүнүп тургандай, эмдиги жылы интернет бериле турган өлкөлөрдүн катарына Азия чөлкөмүнөн Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Ирак, Сауд Арабия, Индия сыяктуу бир катар өлкөлөр белгиленген.

Кыргызстандан алтын камтыган руда жана алтын камтыган концентрат ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынат

2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) өлкөдөн ташып чыгарууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынат.

«Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилет.

Жеңилдетилген ипотекага 15 кабаттуу үйлөр курулуп баштайт

2023-жылдан баштап президенттин жарлыгы менен мамлекеттик ипотекага төмөндөтүлгөн жылдык 4% менен көп кабаттуу үйлөр курулуп баштайт.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызы 14%дан 4%га чейин төмөндөтүлүп, насыя берүү мөөнөтү 10 жылдан 25 жылга чейин узартыларын билдирген.

Жеңилдетилген ипотека боюнча батирлер бюджеттик кызматкерлерге гана эмес, бардык жарандарга берилет. Үйлөр 15 кабаттуу болуп курулат.

Окуучулардын тамагына бөлүнгөн акча тарта көбөйтүлөт

Кыргызстанда 2023-жылдан тарта мектептерде балдардын ысык тамагына бөлүнө турган акчанын өлчөмү көбөйтүлөт. Бул тууралуу каржы министрлиги билдирген. Буга чейин ар бир окуучунун тамак-ашынын өлчөмүн 7 сомдон 14 сомго чейин көтөрүү сунушталган.

Министрликтин маалыматы боюнча, учурда өлкө боюнча 1735 мектептин башталгыч класстарына кубаттуу тамак берилип жатат. Бул жалпы мектептердин 60%ын түзөт. Калган 40%ы 2023-жылга чейин заманбап шартта оңдолору болжолдонууда.

Бишкекте эстакадалык көпүрөнүн курулушу башталат

Бишкектеги жол тыгындарын азайтуу максатында эстакадалык көпүрөнү борбор калаада куруу үчүн Кытай грантынын эсебинен үчүнчү фазада болжолдуу түрдө 244 миллион юань каралган.

Көпүрөнү салуу долбоорун да Кытай мамлекети өзү сунуштайт. Мунун негизинде 2023-жылы эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштери да башталышы мүмкүн.

Эсткадалык көпүрөнү шаардын Фучик – Лев Толстой жана Жаш Гвардия – Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишине куруу пландалууда.

Футбол боюнча Кыргызстандын командасы Азия кубогуна катышат

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылы өтө турган Азия кубогуна катышат. Азия кубогу Катарда 2023-жылдын 16-июнунда башталары күтүлүүдө.

Кыргызстандын футболчулары эгемендик тарыхта бир гана жолу 2019-жылы Азия чемпионатына катышкан. Александр Крестининдин жетекчилиги астында команда ⅛ финалга чейин жеткен.

«Бала-Саруу» кичи ГЭСи курулуп бүтөт

Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу кичи  ГЭСинин курулушуна капсула 2021-жылдын август айынын аягында салынган.Объекттин жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт, орточо жылдык электр энергиясы 92 млн кВт саатты түзөт.

Керектүү каржылоонун көлөмү, иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздеме боюнча 22.9 млн долларды түзөт.

Долбоорду «Улуттук энергохолдинг» менен «Чакан ГЭС» ишке ашырат. Иштелип чыккан жол картасына ылайык, долбоор2023-жылдын декабрында бүтөрү болжолдонгон.

10 миң жарды үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет

2023-жылы Кыргызстанда 10 миңдей жакыр үй-бүлөгө жөлөкпулдун ордуна жеке бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет.

Мамлекет кирешеси аз үй-бүлөлөр менен социалдык келишимдерди түзүп, ага жараша чакан ишкана ачуу үчүн 100 миң сом төлөөсүз берет.

2022-жылы 2 900 үй-бүлө өз ишканаларын (теплица, брусчатка куюу, унаа оңдоо, ширетүүчү жайларды, мал чарбачылык, жеке чарбалар ж.б.) ачышкан.

Эмгек министрлиги мындай келишимдерди 2023-жылы 10 миң жарды үй-бүлө менен түзүүнү пландоодо.

Белгилей кетсек, бизнес ачуу үчүн бир жолку төлөм алуучулар мамлекеттик жөлөкпулдарды алуудан баш тартышы керек.

Каракол эл аралык аэропорту ишке кирет

«Каракол» эл аралык аэропортунда курулуш жана монтаждоо иштери жүрүп жатат жана аталган объектти 2023-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууган.

Долбоорду ишке ашырууну КРнын президентинин Иш башкармасына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.

Куруу иштери аяктаган соң жаңыланган «Каракол» аэропорту саатына 250 жүргүнчүнү тейлей алат. Embraer 190 сыяктуу учактарды жана алардын аналогдорун чектөөсүз кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат.

Эл аралык «Каракол» аэропорту 1971-жылдын 1-январында негизделген. Анын учуу-конуу тилкеси (өлчөмү 2 км X 35 м) 1978-жылы пайдаланууга берилген. Андан бери аба майданында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

КМШга Кыргызстан төрагалык кылат

2023-жылы Кыргызстан КМШга төрагалык кылат. Ага ылайык КМШ лидерлеринин кезектеги жолугушуусу Кыргызстанда уюштурулат.

КМШга 2022-жылы Орусия төрагалык кылып, уюм лидерлеринин бейформал жолугушуусу 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында болуп өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

ТҮРКСОЙдо «Бакен Кыдыкеева жылы» белгиленет

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө «Бакен Кыдыкеева жылы» деп жарыялаган.

Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Бурса шаарында ноябрь айында уюмдун туруктуу кеңешинин 39-жыйыны өткөн. Анда Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан ж.б. өлкөлөрдүн маданият министрлери жана эл аралык ТУРКПА уюму келерки жылы түрк дүйнөсүндө масштабдуу белгилене турган иш-чараларды талкуулашкан.

Кыргызстандын атынан советтик кыргыз театр жана кино актрисасы СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын белгилөө сунушу киргизилип, бир добуштан колдоо тапкан.

«Салтанат», 1955-ж., «Токтогул», 1959-ж., «Ашуу»,1961-ж., «Ак тоолор», 1965-ж., «Биринчи мугалим», 1965-ж., «Саманчынын жолу», 1967-ж., «Жрогонун жүрүшү», 1968-ж., «Караш-караш окуясы», 1969-ж., «Комиссар», 1969-ж., «Бабалар сыры», 1972-ж., «Көчө», 1973-ж., «Жолугушуулар жана коштошуулар», 1974-ж. ж.б.

2022-жылы кыргызстандыктарды кубанткан, сыймыктандырган окуялар

 

 

 

 

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM